Редакцияот 25.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2014-жылдын 25-июну № 2

 Чек-Абад айыл аймагындагы Кочубаев, Төлөйкөн, Пахтачи, Көкөлөпаш, Жаркыштак, Агроном, Максым-Тобу, Жакшылык айылдарынын аты такталбаган көчөлөрүнө жаңы наам берүү жөнундө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн айыл башчылары И.Асранов, М.Усманов, А.Тавалдиевдердин билдирүүсүн угуп айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чек-Абад айыл аймагындагы Кочубаев, Төлөйкөн, Пахтачи, Көкөлөпаш, Жаркыштак, Агроном, Максым-Тобу, Жакшылык айылдарынын аты такталбаган көчөлөрүнө жаңы наам берүү жөнундө айыл башчылардын сунуштарына ылайык бекитилсин.

2. Чек-Абад айыл аймагындагы Кочубаев, Төлөйкөн, Пахтачи, Көкөлөпаш, Жаркыштак, Агроном, Максым-Тобу, Жакшылык айылдарынын аты такталбаган көчөлөрүнө жаңы наам тиркемеге ылайык берүү ыйгарылсын.

3. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу айыл башчыларына жүктөтүлсүн.

 

Чек-Абад айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т.Сатыбалдиев