ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2014-жылдын 25-июну № 3
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижара акысынан, элдин үлүштөгү кайрак жана жайыт жерлерин жер салыгынан жана соц.төлөмдөрдөн бошотуу жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча Чек-Абад айылдык Кеңешинин агрардык жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Атакуловдун билдирүүсүн угуп жана түзүлгөн комиссиянын актын негизинде Чек-Абад айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун Караташ участкасындагы 100,0 га чөп чабынды, Гулбаар участкасындагы 18,0 га кысыр аныз жана 29,0 га кайрак жерлери иштетилбей калган деп табылсын.
2. Жогорудагы Караташ участкасындагы 100,0 га чөп чабынды, Гулбаар участкасындагы 18,0 га кысыр аныз жана 29,0 га кайрак жерлери ижарага берилбей жана иштетилбей калгандыктан ижара акыларынан бошотулсун.
3. 1741,0 га жайыт жерлери пайдаланылбай калгандыгына байланыштуу (22111) сом жер салыгынан, (22111) сом соц.толомдон жана элдердин улушу болгон 868,0 га кайрак жерлери пайдаланылбай калгандыгына байланыштуу (38192) сом жер салыгынан, (38192) сом соц.толомдордон бошотулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин агрардык жана жер реформасы боюнча турукту комиссиясына милдеттендирилсин.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Сатыбалдиев |