Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2014-жылдын 20-августу № 3
Араван районунун аймагынан чыгып жаткан ташдандыларды таштоо үчүн жер участогун ажыратууга сунушталган жерге макулдук берүү жөнүндө
Депутаттардын Чек-Абад айылдык Кеңеши, айылдык Кеңешинин агрардык жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Чек-Абад айылдык Кеңеши, Араван райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлкөө укуктарды каттоо башкармасынын берген материалдарын карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кат участкасынын № 155-контурундагы 5,90 га жайыт жерди таштандыларды таштоочу жер участогуна которулушуна уруксат берилбесин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөөлдө Чек-Абад айылдык Кеңешинин «Агрардык,азык-түлүк жана жер реформасы » боюнча туруктуу комиссиясына жана Чек-Абад айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Сатыбалдиев |