Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2014-жылдын 20-августу № 6
Чек-Абад айыл аймагындагы машина-трактордук паркын 17300 ч/м жер аянтын багытын өзгөртүү жөнүндө
Депутаттардын Чек-Абад айылдык Кеңеши, Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынын берген материалдарын карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Төлөйкөн айылындагы Алимжонов Ахмаджонга тиешелуу менчигиндегы 17300 ч/м жер аянтындагы машина трактордук паркы болуп турган аянттын ичинен 8300 ч/м жер аянтын жеке менчик турак жай салуу үчүн жердин багыты өзгөртүрүлсүн.
2. Чек-Абад айыл өкмөтүнө 8300 ч/м жер аянтын багыты өзгөрдүгүнө байланыштуу салык төлөмүн мыйзам чегинде кайра эсептөө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чек-Абад айылдык Кеңешинин «Агрардык,азык-түлүк жана жер реформасы» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Сатыбалдиев |