Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2014-жылдын 20-августу № 10
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагындагы 900 ч/м жер аянтын багытын өзгөртүү жөнүндө
Депутаттардын Чек-Абад айылдык Кеңеши, айыл тургуну Абдуллажанов Срожидиндин арызын карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Кочубаев айылындагы Абдуллажонов Срожидиндин менчигиндагы 900 ч/м жер аянты чайкана болуп турган аянттынын 381,52 ч/м жер аянтына кондитердик цех курууга жана 518,48 ч/м жер аянтына турак-жай куруу үчүн жердин багыты өзгөртүрүлсүн.
2. Чек-Абад айыл өкмөтүнө 900 ч/м жер аянтын багыты өзгөрдүгүнө байланыштуу салык төлөмүн мыйзам чегинде кайра эсептөө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чек-Абад айылдык Кеңешинин «Агрардык,азык-түлүк жана жер реформасы » боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Сатыбалдиев |