Редакцияот 25.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

 

2014-жылдын 25-декабры № 4

Чек-Абад айылдык Кеңешинин депутаттарынын тизмесине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы У.М.ЭРАЛИЕВДИН билдирүүсүн угуп айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. № 362 Кызыр-Абад шайлоо участкасы тарабынан шайланган Жороев Сулайман жана Айтибаев Курбанбектердин мамлекеттик кызматка өткөндүгү себептүү өз арызынын негизинде мандаттарын кайтарылсын.

2. Алардын ордуна № 362 Кызыр-Абад шайлоо участкасынан кезекте турган Мамытов Шермамат жана Ордобаев Замирбектер Араван райондук борбордук шайлоо комиссиясына сунуш кылынсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орунбасары Б.Нурматовго жүктөтүлсүн.

 

Чек-Абад айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т.Сатыбалдиев