Редакцияот 07.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

2014-жылдын 7-майы № 10/1

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын курамын түзүү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары бүткөндүгүнө байланыштуу участкалыке шайлоо комиссиясынын курамын жаңыдан түзүү боюнча талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин кезексиз X-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы участкалык шайлоо комисиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

Баш-Дөбө айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

К. Султанова