Редакцияот 13.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги I сессиясы (III чакырылышы)

 

2012-жылдын 13-апрели № 1

Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышында шайланган депутаттардын ыйгарым укуктарын таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы № 29-Жарлыгына, "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 38-беренесине ылайык, 2012-жылдын 4-мартында өткөрүлгөн Ош шаардык Кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыктары жөнүндөгү Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы С.Маматалиеванын билдирүүсүнүн негизинде, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 4-мартында өткөрүлгөн шайлоолордо шайланган Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары таанылсын.

 

Ош шаардык

кенешинин төрагасы

 

 

Т.Сабиров