Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын 1 кезектеги сессиясы
2014-жылдын 23-январы № 9
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган А.Капаров атындагы орто мекетебинин от казанын морун пайдалануу жөнүндө
Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылынын А.Капаров атындагы орто мектебинин директору А.Мурзакматованын жана айылдык Кенешинин 16-чакырылышынын төрагасы К.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагындагы А.Капаров атындагы орто мектебинин от казаныны морун мектептин жанындагы казылган дренаждан мектептин огородуна жана паркына суу алып өтүү үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагынын А.Капаров атындагы орто мектебинин от казанынын морун кайра баалоо мектепте түзүлгөн атайын комиссияга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дыйкан айыл башчысы Т.Жумакадыровго милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Иманкулов |