Редакцияот 28.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын 1 кезексиз сессиясы

 

2014-жылдын 28-февралы № 1

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2014-жылга карата Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө

Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин 16-чакырылышынын төрагасы К.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин жайыт акыдан сырткары жайытты кыйыр пайдалангандыктары үчүн Таш-Рабат өрөөнүндөгү бардык турист тосуучулар жана туристтерди тейлөөчүлөр үчүн жайкы сезондо ар бир турист тосуучу (тейлөөчүлөр) 5 000 (беш мин) сом өлчөмүндө каражатты жайыт комитетине 01.01.2014-жылга чейин төгүп берүү жагы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин башчысы М.Самтыровго милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Иманкулов