Редакцияот 21.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII заседаниеси

 

2014-жылдын 21-февралы № 8/4

Жаңы-Алайайылдык кенешинин пландоо,бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитети тарабынан сунушталган 2003-2013-жылдар аралыгында ар кандай мамлекеттикэмес уюмдардын жана демөөрчүлөрдүн, ошондой эле бюджеттин эсебинен курулган соц обьектилердин,сатылыпалынган негизги каражаттардынбаланска алынышын кароо жөнүндө

Жаңы-Алай айылдык кенешинин пландоо,бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитети тарабынан сунушталган 2003-2013-жылдар аралыгында ар кандай мамлекеттик эмес уюмдардын жана демөөрчүлөрдүн, ошондой эле бюджеттин эсебинен курулган соц обьектилердин, сатылып алынган негизги каражаттардын баланска алынышын карап чыгып Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 5 - шайланган кезектеги 8 - заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2003-2013-жылдар аралыгында курулган обьектилер, сатылып алынган негизги каражаттар кириш болгондугу баланска алынгандыгы белгиленсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө пландоо, бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловго жана К.Э.Б. башчысы Н.Нуридиновторго аткаруу жүктөлсүн.

 

Жаңы-Алай айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

З.Эрматов