ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII заседаниеси
2014-жылдын 20-октябры № 13/1
Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган жергиликтүү бюджеттин 2014-жылдын IV-кварталынын чыгаша бөлүгү такталып, пландан ашыкча аткарылган салыктардын төлөмдөрдүн көп топтолгондугун белгилеп, бөлүмдөрдүн чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү Жаңы-Алай айылдык кеңештин кезектеги заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 2014-жылдын IV-кварталына 52,8 миң сом пландан көп топтолгондуктан, төмөнкү бөлүмдөрдүн статьяларынын планына кошулсун.
II. Жергиликтүү бюджет 2014-жылдын IV-кварталынын планы ашыкча аткарылгандыктан 52,8 миң сомду чыгымдоого Алай райондук финансы бөлүмүнөн руксат берүү жагы суралсын.
III. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин пландоо жана бюджет, социалдык экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн, аткаруу айыл өкмөттүн К.Э.Б. башчысы Н. Нуридиновго милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Эрматов |