Редакцияот 20.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII заседаниеси

 

2014-жылдын 20-октябры № 13/2

Жаңы-Алай айылына бала бакча ачуу жөнүндө

 Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылына балдар бакчасын ачуу жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Исмаилов Абдибап Эргешовичтин сунушун карап жана талкуулап айылдык кеңештин V чакырылышынын 13 заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылындагы Кадырбаева Гүлшахандын үйүнө муниципалдык балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин. Ачыла турган балдар бакчасын тамак-аш, электр-энергия, көмүр отун менен камсыздоо, коммуналдык кызмат көрсөтүү айыл өкмөттүн 2015-жылга жергиликтүү бюджеттинин сметасына киргизилсин.

2. Аренда акысы, кошумча тамак азыктары биринчи кезектеги ремонттору, инвентарларды алуу ата-энелерден жана демөөрчүлөрдөн түшүүчү взностун эсебинен каржылансын.

3. Жаңы-Алай айылында ачылуучу муниципалдык балдар бакчасы үчүн штат бирдиктерин чечип берүү жагы Алай райондук билим берүү жана Каржы бөлүмүнөн суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Исмаилов Абдибапка жана К.Э.Б. башчысы Нуридинов Нажимидинге милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Алай айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

З. Эрматов