ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII заседаниеси
2014-жылдын 20-октябры № 13/3
2014-жылдын жай мезгилинде аба ырайынын кескин ысып кендегине байланыштуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мады участкасындагы ГФРЭден алынган 30 тонна буудайдын 20 тоннасы кечигип келип эгилбей калгандыгына жана 10 тонна эгиндин эгилип аба ырайынын кескин өзгөрүлүп ысып кеткендигине байланыштуу эгиндин күйүп кеткендиги жөнүндө Жаңы-Алай айылынын тургундары К. Базаркулов менен М. Мамышовдун арыздарын кароо боюнча
2014-жылдын жай мезгилинде аба ырайынын кескин ысып кендегине байланыштуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мады участкасындагы ГФРЭден алынган 30 тонна буудайдын 20 тоннасы кэчигип келип эгилбей калгандыгына жана 10 тонна эгиндин эгилип аба ырайынын кескин өзгөрүлүп ысып кеткендигине байланыштуу эгиндин күйүп кеткендиги жөнүндө Жаңы-Алай айылынын тургундары К. Базаркулов менен М. Мамышовдун арыздарын канаттандыруу максатында Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 5 чакырылышынын 13 заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ГФРЭден алынган 20 тонна буудайдын кечигип келгендиги эске алынсын.
2. Мады учаскасына эгилген 10 тонна эгиндин эгилип аба ырайынын кескин өзгөрүп ысып кеткендигине байланыштуу эгиндин күйүп кеткендиги эске алынсын.
3. Жогорудагыларды эске алып ГФРЭден алынган 30 тонна буудайдын төлөмдөрүн бир жылга которуу жагы Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигинин алдындагы экономиканы өнүктүрүү фондусунан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловго жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Эрматов |