Редакцияот 16.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы (үчүнчү чакырылышы)

 

2012-жылдын 16-апрели № 6

Каналиев Б.Э. жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 38-беренесине ылайык, депутаттардын Ош шаардык Кенешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча депутаттык фракциялардын сунуштарын ошондой эле депутаттар тарабынан айтылган ой пикирлерди эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Республика» партиясынын депутаттык фракциясынын мүчөсү Каналиев Бактыбек Эркинович депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын.

2. Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кенешинин аппарат жетекчиси З.М.Сасыкбаевге жүктөлсүн.

 

Ош шаардык

кеңешинин төрагасы

 

 

Т.Сабиров