Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI заседаниясы
2014-жылдын 14-апрели № 1
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, айылдардын санитардык-гигиеналык тазалыгы, жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктардын жүрүшү жана уюшкандыкта өткөрүү, калкты урук менен камсыз кылуу, айыл чарбасын өнүктүрүүдө а\өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштеринин абалы
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн ФАП,ФП жана токой чарбасынын кызматкерлеринин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Бүлөлү айылдык Кеңешинин (5 чакырылышынын) кезектеги 11 заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, айылдардын санитардык-гигиеналык тазалыгы (сактоо учун чуңкурчаларды каздыруу), жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктардын жүрүшү жана уюшкандыкта өткөрүү, калкты урук менен камсыз кылуу, айыл чарбасын өнүктүрүүдө а\өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл чарбасын өнүктүрүү максатында калкты урук менен камсыз кылуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн көчөттөрдү алып келүү жагы а\өкмөтүнүн жетектөөчү адиси А.Матиевге милдеттендирилсин.
3. Айылдардын санитардык-гигиеналык тазалыгын сактоо боюнча айылдарда чуңкурларды каздыруу жана тазалык акциясын жүргүзүү ФАП кызматкерлерине, а\өкмөтүнүн вет.кызматкери А.Боокеевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу а\өкмөтүнүн башчысьша (Т Абдраевге) жана туруктуу комиссияга (Ж. Абдраевге) тапшырылсын.
Бүлөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Сарыбаев |