Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айылдык Кеңешинин V шайланган кезектеги IV сессиясы
2013-жылдын 20-февралы № 4.3
Карагуз айыл Өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга карата бюджети жөнүндө
Депутаттардын Карагуз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карагуз айыл Өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы кээ бир кемчилдиктерди эске алуу менен негизги көрсөткүчтөр боюнча өз деңгээлинде экендиги белгиленсин.
2. Карагуз айыл Өкмөтүнүн 2013-жылга боюджетинин кирешелер бөлүгү 31129800 сомго, чыгашалар бөлүгү 31129800 сомго бекитилсин.( тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт,миграция,туризм,саламаттыкты сактоо,комуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери,социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Карагуз айыл Өкмөтүнүн башчысы З.Каденовго тапшырылсын.
Кара-Гуз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Кармышаков |