Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айылдык Кеңешинин V шайланган кезектеги VI сессиясы
2013-жылдын 2-октябры № 6.1
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын талаптарына ылайык Карагуз айылдык округунун аймагындагы билим берүү мекемелериндеги жүргүзүлүп жаткан иштердин жана 1-4-класстын окуучуларына бериллүүчү тамак-аштын бериллүүсүнүн абалы жөнүндө
Депутаттардын Карагуз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карагуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жана 1-4 класстарга берилүүчү тамак аштын берилүүсү кээ бир кемчилдиктерди эске алуу менен негизги көрсөткүчтөр боюнча өз денгээлинде экендиги белгиленсин.
2. 1-4-класстарга берилуучу тамак-аш учун,келген продукциянын сапатын текшерип алуу жоопкерчилиги мектеп директорлоруна жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим беруу, спорт,миграция,туризм,саламаттыкты сактоо,комуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери,социалдык-экономикалык онүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Карагуз айыл Өкмөтүнүн башчысы З.Каденовго тапшырылсын.
Кара-Гуз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Кармышаков |