Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин XIII сессиясы
2014-жылдын 2-марты № 1
Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн 2013-жылда үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Төгүл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Нусубалиеванын үнөмдөлгөн акча жөнүндө билдирүүсүн угуп Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн кызматтык «НИВА» автоунаасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 50 000 (элү миң) сом бөлүнсүн.
2. Жүн тыткыч цех ачуу үчүн 70 000 (жетимиш миң) сом бөлүнсүн.
3. 8-март аялдардын эл аралык майрамына,баатыр энелерди сыйлоо үчүн 15 000 (он беш миң) сом бөлүнсүн.
4. Нооруз майрамын өткөрүү үчүн жана башка иштерге 43 000 (кыр үч миң) сом бөлүнсүн.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |