Редакцияот 07.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин III сессиясы

 

2014-жылдын 7-апрели № 1/3

Шаболотов Буларбектин арызы жөнүндө

Шаболотов Буларбектин жазган арызынын негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.«Арал» участкасындагы Таш-Дөбө айылынын көпөрөсүнүн кулагындагы эски сарайдын ордуна,бодо мал багуу үчүн сарай салууга Шаболотов Буларбекке берилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын контролдоо Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.

 

Түгөл-Сай айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Б. Касымалиева