Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-ноябры № 25/3
Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн тогуз айдын жыйынтыгы боюнча
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын тогуз айына карата айыл өкмөтүнүн экономикалык көрсөткүчтөрдүн бардык түрлөрү боюнча кабыл алынган пландар толугу менен аткарылгандыгы белгиленип, И.Ташкуловдун жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2015-жылдын жыйынтыгына арата бардык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын жыйынтыктоо, кабыл алынган пландарды толугу менен аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн социалдык объектилерин кышка карата даярдоо боюнча бардык билим берүү мекемелеринде И.Ташкулов тарабынан толугу менен көмүр менен камсыз болгондугу белгиленсин.
4. Үстүбүздөгү жылдын кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгуу үчүн, элди көмүр менен камсыз кылуу жагы, 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы М.Эрмаматовго, Кен-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|