Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-ноябры № 25/5
2015-жылдын 17-ноябрында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин Корул айыл өкмөтү жөнгө салуу боюнча иш аракеттер жөнүдө маселе кароо боюнча
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоодо айыл өкмөтүнүн башчысы жана жооптуу кызматкерлери тынымсыз иш алып барышкандыгы белгиленсин.
2. Жер титирөөдө жабыркаган кожолуктарга айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери жакындан жардам берип, иш-аракеттерди жүргүзүп жатышкандыгы белгиленсин.
3. Жер титирөөдөн улам келип жаткан гуманитардык жардамдарды ачык-айкын туура бөлүштүрүү үчүн, айыл өкмөтүндө комиссия түзүлүп, айылдык Кеңештин депутаты Д.Алиев, Т.Бегматов, Калык уулу С, Т.Абдиевдер комиссиянын курамына кирсин.
4. 2000-жылдан бери өзгөчө кырдаалдардын негизинде ссуда алган жабырлануучулардын тизмесин тактоо жагы ӨК.ТЖ.КЧ боюнча башкы адиси С.Жакыповго милдеттендирилсин.
5. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда Кыргыз Республикасынын вице-премьер А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри К.Боронов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Примов, Ош облусунун мэри А.Кадырбаев, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Сарыбашовдор жеринен кабар алып кетип жаткандары белгиленип, элге маалымат жеткирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|