К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 9-декабры № 21/4
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылынын тургуну Баргыбаев Акжолдун мончо куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү үчүн арызын канаатандыруу жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылынын тургуну Баргыбаев Акжолдун мончо куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү үчүн арызы канаатандырылсын .
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылынын тургуну Баргыбаев Акжолго баня куруу үчүн К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХXI кезектеги отурумунун токтомунун негизинде 0,7 га жер тилкеси бөлүп берилсин .
3. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде тиешелүү юридикалык иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан, ошондой эле Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер жана коммуналдык турак жай адиси Б.Машаевге милдеттендирилсин .
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ч. Канкиева
|