Редакцияот 09.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы

 

2015-жылдын 9-декабры № 21/6

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылындагы элдик мончонун дубалдары жарака кетип өтө кооптуу абалда болгондугуна байланыштуу айыл өкмөтүнүн билдирүүсү жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылындагы элдик мончонун дубалдары жарака кетип өтө кооптуу абалда болгондугуна байланыштуу айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп талкуулап К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI кезектеги отуруму , айыл өкмөтүнүн жер жана коммуналдык турак жай адиси Б.Машаевге Сопу-Коргон айылындагы элдик мончону аукционго коюу жагы милдеттендирилсин .

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кайыровго милдеттендирилсин .

 

К. Белекбаев атындагы Алай

айылдык Кеӊешинин төрагасы

 

Ч. Канкиева