Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Зулпуев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2015-жылдын 9-сентябры № 2
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылынын тургуну Календаров Эгендин турак-жай багытындагы 1750чарчы метр жер аянтын, айыл өкмөтүнүн кайра бөлөштүрүү фондундагы жер аянтына алмаштыруу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылынын тургуну Календаров Эген, 2002-жылы 2-декабрь күнү Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн №126-токтому менен Атамерек айылындагы ооруканага тиешелүү жер аянтынан, турак-жай куруу максатында 1750чарчы метр жер тилкесин ажыратып алган, Атамерек ооруканасы авариялык абалда болгондуктан аны калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев тарабынан 29000000 (жыйырма тогуз милион) сом бөлүнгөн. Оорукананы калыбына келтирүүдө Э.Календаровдун жер тилкесин ынгайсыздыкты жана тоскоолдуктарды жаратбагандыгын алдын алуу максатында жана Э. Календаровдун өзүнүн макулдугу менен, Атамерек айылындагы ооруканадагы 1750чарчы метр жер тилкесин ордуна айыл өкмөтүнүн кайра бөлөштүрүү фондундагы жер аянтын турак жай багытына транформациялап Э.Календаровго алмаштыруу керектигин угуп, талкуулап Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылынын тургуну Календаров Эгендин Атамерек айылындагы оорукананын ичинде жайгашкан 1750чарчы метр жер тилкеси оорууканнаын эсебине өткөрүлүп берилсин.
2. Календаров Эгенге ооруукананын эсебине өткөрүп берген 1750чарчы метр жер тилкесинин ордуна айыл өкмөтүнүн кайра бөлөштүрүү фондундагы жер аянтын турак жай багытына транформациялап, 1750чарчы метр жер тилкеси ажыратылып берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Мадраимовго милдеттендирилсин.
Т.Зулпуев айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Баймуратов |