Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Зулпуев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2015-жылдын 9-сентябры № 3
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылынын тургуну Ураимов Расул Мамановичтин 0,27га үлүш жер аянты Айбек орто мектебинин жер үлүш эсебине кирип кеткендиктен ага келтирилген зыяндын ордун толуктоо жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылынын тургуну Ураимов Расул Мамановичтин 0,27га үлүш жер аянты, Айбек айылынын тургундарынын суроо талаптарын канаттандыруу максатында Айбек орто мектебинин жер аянтына кирип кетекендиктен ага келтирилген зыяндын ордун толуктоо үчүн, Ураимов Расулга келтирилген зыяндын ордун толуктоо милдеттүү деп эсептеп, Айбек айылындагы жерди кайра бөлүштүрүү фондунун эсебине 0,27га жер аянтын Ураимов Расулга үлүш катары кайтарымсыз берүү керектигин угуп жана талкуулап Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылынын тургуну Ураимов Расул Мамановичке Айбек айылындагы айыл өкмөтүнүн жерди кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинен 0,27га жер аянтын үлүш жер аянты катарында ажыратылып берилсин.
2. Ажырталыпы берилген жер аянтынын тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүүнү Ноокат райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыганын башчысынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Мадраимовго милдеттендирилсин.
Т.Зулпуев айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Баймуратов |