Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Зулпуев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2015-жылдын 9-сентябры № 4
Айбек айылынын Адахан Таза-Суу ишканасынын турак жайларына суу чоргосу бар абоненттеринин суу эсептегич(водометр) орнотуусу жөнүндө
Айбек айылынын тургундарын ичимдик суу менен толук жана сапаттуу камсыз кылуу үчүн ичимдик сууну уюмдуу пайдалануу жана Айбек айылынын Адахан Таза-Суу ишканасынын турак жайларына суу чоргосу бар абоненттеринин суу эсептегич(водометр) орнотуу максатында Т.Зулпуев айылдык кенешинин сессиясында талкуулап карап чыгып берген сунуштарына негиз Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдын IV кысымынын 31беренесине ылайык депуттардын Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айбек айылынын Адахан Таза-Суу ишканасынын турак жайларына суу чоргосу бар абоненттеринин суу эсептегичи абоненттери дин өз эсебинен которулсун.
2. Айбек айылынын Адахан Таза-Суу ишканасынын турак жайларына суу чоргосу бар абоненттеринин суу эсептегичтерди орнотууга каршы болгон атуулдардын үйдөгү суу чоргосун борбордук суу тутукторунон кыркууну Адахан Таза-Суу ишканасынын башчысы Б.Айтматовго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү болгон депуттардын туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Зулпуев айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Баймуратов |