Редакцияот 17.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын сессиясы

 

2015-жылдын 17-октябры № 20-3

 Бел айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 22-токтомун бекитүү жөнүндө

Бел айыл аймагындагы Бел айылында бир гана балдар бакчасы иштейт.Бала бакчага болгон суроо-талап көп.Ошондуктан ата-энелердин суроо талаптарын аткаруу боюнча Бел айыл Өкмөтү 2015-жылдын 22-сентябрында Бел айылындагы Тимурлан-Алым балдар бакечасына кошумча тайпа ачууга уруксат берүү жөнүндөгү №22-токтомун чыгарып,айылдык Кенештен бекитип берүү жагын суранган. Жогорудагыладын негизинде Бел айылдык Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) жыйырманчы сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бел айыл айманын бел айылында жайгашкан “Тимурлан-Алым” балдар бакчасына кошумча тайпа ачууга уруксат берүү жөнундөгү Бел айыл Өкмөтүнун 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 22-токтому бекитилсин.

2. Кошумча ачылган тайпага тамак бышыруу үчүн печка алып берүү,тамак-аш бышырууга,бөлмөнүжылытууга кеткен электир энергиясынын чыгымдарын каражат таап,төлөп берүү жагы айыл Өкмөтүнун ФЭБнун башчысы К.Мурзаевге тапршырылсын.

3. Тайпага келген балдардын тамак –ашы,тарбиячыларга төлөнүүчүэмгек акы ата-энелерден чогулган акча каражаттарынын эсебинен жүргүзүлун.

4. Тайпаны 2016-жылдан мамлекеттик бюджетке өткөрүү боюнча иш жүргузүү бала бакчанын жетеекчиси Исмаиловага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин саламаттык сактоо,билоим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бел айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Бекботоев