Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын IV кезексиз заседаниеси
2015-жылдын 11-декабры № 4/4
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосуна “Коомуналдык инфраструктураны каржылоо VIP-KRW.-этап (ПСИ-3)” долбоорунун конкурсуна катышуу боюнча түзүлгөн комиссиянын отурумунун 19-октябрь 2015-жылдагы №1 протоколун кароо жөнүндө
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн конкурсттук комиссиянын 19-октябрь 2015-жылдагы №1 протоколундагы 7 айылдан келген 14 көйгөйдүн иретин (ранжирлоонун) ар бирине токтолуп колго салынды.
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн конкурсттук комиссиянын 19-октябрь 2015-жылдагы №1 протоколундагы 7 айылдан келген 14 көйгөйлөрдүн ичинен Арпа-Тектир айылындагы бала бакчага инвентарларды сатып алууга маселеси айылдык кенеште колго салынып 11 депутаттын колдоосуна ээ болду. Жогорудагылардын негизинде Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосуна “Коомуналдык инфраструктураны каржылоо VIP-KRW.-этап (ПСИ-3)” долбоорунун конкурсуна катышуу боюнча түзүлгөн комиссиянын отурумунун 19-октябрь 2015-жылдагы №1 протоколундагы Арпа-Тектир айылындагы бала бакчага инвентарларды сатып алууга маселеси сунушталсын.
2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосуна “Коомуналдык инфраструктураны каржылоо VIP-KRW.-этап (ПСИ-3)” долбоорунун конкурсуна катышуу боюнча түзүлгөн комиссиянын отурумунун 19-октябрь 2015-жылдагы №1 протоколунда аныкталган 14 көйгөйдүн ирети ( ранжирлөө) төмөндөгүдөй бекитилсин.
3. Бекитилген көйгөйлөрдү айыл өкмөтүнүн стратегиялык өнүгүү планына киргизүү жана ал көйгөйдүү чечүү үчүн, ар түрдүү мамлекеттик эмес уюмдарга долбоор жазып, кайрылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М.Анарбаевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Коңур-Дөбө айылдык кеӊешинин төрагасы: |
Т. Бегматов |