Редакцияот 18.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 32 сессиясы

 

2015-жылдын 18-декабры № 11

Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы айрым көчөлөргө ысымдарды коюу тууралуу кайрылуу катттары жөнүндө

 Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы айрым көчөлөргө ысымдарды коюу тууралуу кайрылуу катттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Бабатаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 32-cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы айрым көчөлөргө ысымдарды коюу тууралуу кайрылуу катттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Бабатаевдин билдирүүсү эске алынсын.

2. Көчөлөргө аты сунушталган ысымдардын “Таш-Көмүр шаарында географиялык аталыштарды ыйгаруу жөнүндө” Жобосуна туура келбегендигине байланыштуу арыздар канааттандырылбасын.

3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзадуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (С.Бабатаев) жүктөлсүн.

 

Таш-Көмүр шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Кулдышев М.С