КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин V шайланган кезектеги XV заседаниесинин
2015-жылдын 17-февралы № 100
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана суу чыгарып көп жылдык бак-дарактарды өстүрүүгө жер участок бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн жашоочусу Кадырбеков Кубанычбектин арызынын негизинде айыл чарбасына пайдаланууга жараксыз бош жаткан жайыт эсебиндеги жерден мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана суу чыгарып көп жылдык бак-дарак эгип көрктөндүрүү максатында айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя участкасынан жер участок берүү үчүн угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 5-шайланган 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн тургуну Кадырбеков Кубанычбекке мал чарбачылыгын жана суу чыгарып көп жылдык бак-дарак өсүмдүктөрүн эгип көрктөндүрүү жана өнүктүрүү максатында көп жылдык мөөнөт менен айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя участкасынан жайытка караштуу айыл чарбасына пайдаланылбай жаткан жерден Кыргыз Республикасынын жерге жайгаштыруу боюнча мыйзам талаптарына ылайыкташтырылып сарай салууга 0,50 га жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Ушул чечимди мыйзамдаштыруу жагы Өзгөн райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу башкармалыгынан суралсын.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Тоо айылдык Кеӊешинин төрайымы |
А. Бакирова |