Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-апрели № 114
Айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 08.04.2015-жылы №09-3-6-4848 сандуу көрсөтмөсүнүн негизинде салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөндөй жергиликтүү бюджеттин базасын көбөйтүү максатында инфляцияны ,ошондой эле жергиликтүү социалдык маселелерди чечүү керектелээрин эске алып Кызыл-Тоо айылдык кенешинин 17-сессиясынын заседаниеси угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыгы базалык ставкасынын негизинде бир эсеге көбөйтүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн салыкчыларына милдеттендирилсин.
Кызыл-Тоо айылдык Кеӊешинин төрайымы |
А. Бакирова |