Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-октябры № 76
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн экономикалык-пландоо аймагын аймактык “К” коэффициентинин маанисин жана кыймылсыз мүлктүн 1,2,3-топтогу обьектерине салык чегерүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339-беренсине ылаыйык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Түштүк аймак аралык башкармалыгынын 2013-жылдын 18-июлундагы №07-01-06/566 көрсөтмөсү жөнүндө меселе “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөң-Булак айыл аймагынын экономикалык-пландоо аймагын Чымбай, Бахмал, Өзгөруш, Дөң-Булак айылдарын камтыган чек ара бекитилсин.
2. Экономикалык-пландоонун аймактык коэффициенти “К” 1,3 кө барабар деп кабыл алынсын.
3.Бул токтом жер салыгын эсептөөдө жана кыймылсыз мулктун 1,2,3-топтогу обьектилерине салык чегүү 2014-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
4. Токтом массалык маалымат каражатында чагылдырууга жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлдөөгө алуу жагы “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан онүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Акматбек уулу Нурланбекке, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И.Аширбаевге тапшырылысын.
Дөң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тагаев |