Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин XXXXI сессиясы
2015-жылдын 14-августу № 41/3
Кыргыз Республикасынын аймагындагы жергиликтүү шаардык кеңештердин депутаттарынын
арасында мини-футбол боюнча өткөрүлүүчү кубогуна Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарынан
турган командасынын катышуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү шаардык кеңештердин депутаттардын арасында өткөрүлүүчү Кубогуна катышуу үчүн Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн мини-футбол боюнча командасына акча каражаттарын ажыратып берүү жагы шаардын мэри Т.Камбаровко жүктөлсүн. (тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык Кеӊешинин төрагасы | Б. Бегалиев |