Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин XXXXI сессиясы
2015-жылдын 14-августу № 41/4
Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципиалдык мэнчик
департаментинин башчысы Б.Искендеровдун кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин №215 номуру менен чыгыштылган катынын негизинде түзүлгөн шаардык кеңештин каржы,бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын Кара жантак участкасынын трансформация болгон жерлерине Геплан түзүү үчүн (400 000 сом),жана ар бир участканы (0,08 га) болуп,көчөлөрдүн схемасын аныктап белгилөөгө ( 480 000сом) ,жалпысынан 880 000сом шаардык мэриянын бюджетинен чыгымдалган акча каражаттардын ордун толуктоо максатында жеке турак жай куруу учун жер тилкелерин алган тургундарга 1200 сом өлчөмүндө бирдиктүү төлөм киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык Кеӊешинин төрагасы | Б. Бегалиев |