Редакцияот 10.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин XXXXIII сессиясы

 

2015-жылдын 10-ноябрындагы № 43/1

Кадамжай шаарындагы муниципалдык менчиктеги обьектилердин абалы жана аларды максаттуу пайдалануу жөнүндө

Кадамжай шаардык кенеши шаардын мэри Т.Камбаровдун “Кадамжай шаарындагы муниципалдык менчиктеги обьектилердин абалы жана аларды максаттуу пайдалануу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаардык мэриясынын шаардын аймагындагы муниципалдык менчиктеги обьектилердин абалы жана аларды максаттуу пайдалануусу боюнча аткарган иштери белгиленсин.

2. Кадамжай шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги обьектилердин абалын жакшыртуу жана аларды максаттуу пайдалануу, муниципалдык менчикте катталбаган обьектилерди каттоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди көрүү жагы шаардын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык кенешинин жер, транспорт жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кадамжай шаардык

Кеӊешинин төрагасы

Б. Бегалиев