КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин XXXXIII сессиясы
2015-жылдын 10-ноябры № 43/2
Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан спорт комплекс жана стадионду муниципалдык менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын спорт комплекси жана стадион жөнүндө кайрылуусун карап чыгып Кадамжай шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан спорт комплекси жана стадион кароосуз калып, абалы өтө начар болуп кеткендиктен аларды муниципалдык менчикке өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин жер курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык Кеӊешинин төрагасы | Б. Бегалиев |