Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-апрели № 14/3
Айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин 2014-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн социалдык-маданий иштери боюнча жетектөөчү адиси Ш.Маметов, ВУС кызматкери А.Насиров, кирешелер боюнса жетектөөчү адиси С.Эсеналиевдердин берген маалыматтарын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык округунун Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Өкмөтүнүн социалдык-маданий иштери боюнча жетектөөчү адиси Ш.Маметов, ВУС кызматкери А.Насиров, кирешелер боюнча жетектөөчү адиси С.Эсеналиевдердин 2014-жыл ичинде жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин. ( маалымат тиркелет ).
2. Кетирилген кемчилдиктерди оңдоо менен бирге айыл аймагында социалдык маселелерге өзгөчө көңүл буруу менен бирге колдоого муктаж үй-бүлөөлөр, жарандар, ардагерлер жана жалгыз бой энелер менен, аскерге чакыруучулар менен берилген пландын негизинде, айыл Өкмөтүнүн деңгээлинде өз тармактары боюнча талаптагыдай иш алып баруу жагы аталган кызматкерлерге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Жолдошов |