Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июлу № 15/2
Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо айыл
аймагындагы №7-ҮДТнун жана ФАПтардын 2015-жылдын алты айында жүргүзгөн
иштеринин абалы жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо айыл аймагындагы №7-ҮДТнун жана ФАПтардын 2015-жылдын алты айында жүргүзгөн иштери боюнча №7-ҮДТнун башчысы А.Оморкуловдун берген маалыматын угупжана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо айыл аймагындагы №7-ҮДТнун жана ФАПтардын 2015-жылдын алты айында жүргүзгөн иштериайрым сын-пикирлерди эске алуу менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2.Айыл аймагындагы жашаган тургундардын арасынан аярлуу катмарына жана медициналык жардам сурап кайрылгандарды ФОМС тарабынан каралуучу дары-дармектер менен толук камсыз кылуу, калк арасында социалдык илдеттердин таралып кетишине жол бербөө үчүн көзөмөлдү күчөтүү жагы Ылай-Талаа айылындагы №7-ҮДТнун башчысы А.Оморкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык округунун Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштар иштери, социалдык – экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Т.Намашанов ) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Жолдошов |