Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июлу № 15/3
Ылай-Талаа айыл аймагындагы айылдарда аты коюлган көчөлөрдүн абалын талапка
ылайык келтирүү боюнча көчөнүн атын алып жүргөндөрдүн жакын туугандары тарабынан
жасалып жаткан жумуштарынын абалы жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагындагы айылдарда аты коюлган көчөлөрдүн абалын талапка ылайык келтирүү боюнча көчөнүн атын алып жүргөндөрдүн жакын туугандары тарабынан жасалып жаткан жумуштары тууралуу айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Идирисовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылындагы Койсары участкасындагы көчөлөрдүн атын алып жүргөндөрдүн жакын туугандарынын көчөлөрдүн абалын талаптагыдай деңгээлге жеткирүү боюнча жасалып жаткан иштери канаатандыраардык жана Каманчы участкасындагы көчөлөрдүн атын алып жүргөндөрдүн жакын туугандарынын көчөлөрдүн абалын талапка ылайык келтирүү боюнча эч кандай аракеттердин көрүлбөгөндүгүнө байланыштуу канаатандыраарлык эмес экендиги белгиленсин.
2.Айыл аймагындагы Каманчы участкасындагы көчөлөрдүн атын алып жүргөндөрдүн жакын туугандарына көчөлөрдүн абалын 1-октябрга чейин талапка ылайык келтирүү, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана үйлөргө катар номерлерин жайгаштыруу жагы көчөлөрдүн атын алып жүргөндөрдүн уулу жана жакын тууганы Ажимаматов Улукка милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык округунун Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы К.Идирисов ) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Жолдошов |