ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2015-жылдын 22-июлу № 15.4/2
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-
жылдардагы бюджеттин долбоорунун киреше жана
чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдардагы бюджеттин долбоорунун киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө айыл округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолдуу долбоору 3588.0 мин сомго, 2017-жылдын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолдуу долбоору 3597,2 мин сомго, ал эми 2018-жылдын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолдуу долбоору 3606,5 мин сомго бекитилсин.
2. Бул 2016-2017-2018-жылдардагы бюджеттин болжолдуу долбоорунун киреше жана чыгаша бөлүктөрүн убагында инфляцияны эске алуу менен кабыл алынгандыгы белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айыл округунун кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Намашановго тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Жолдошов |