Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-октябры № 16/1
Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен айыл аймагынын
социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча жүргүзгөн иши жөнүндө
Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2015-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык округунун Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун 2015-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери жетишилген ийгиликтери менен катар айрым кемчилдиктерин эске алганда канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Айтылган сын-пикирлерден туура жыйынтык чыгаруу менен бирге жалпы коомчулук менен жер-жерлерде тыгыз иш алып баруу, айыл жеринин инфраструктурасын көтөрүү. айылдардын экономикасын туруктуу өнүгүүнүн жолуна салуу үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен бирге сырткы инвесторлор менен тийиштүү деңгээлде иш алып баруу, иштеп жаткан долбоорлорду аягына чыгарып жүзөгө ашыруу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Ылай-талаа айылдык округунун Кенешинин социалдык маданий, билим беруу, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштар иштери, социалдык – экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ( торагасы Т.Намашанов ) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Жолдошов |