Редакцияот 03.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айылдык Кеңешинин XXV чакырылышынын V-сессиясы

 

2015-жылдын 3-февралы № 3

Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө

Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма биринчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 65852 сом акча каражатын түзгөндүгү эске алынсын.

2. Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 65852 сом акча каражатын түзгөндүгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоо уруксат берилсин.

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 30852 сом бөлүнсүн.

Анын ичинен:

-Аппарат кызматкерлерине сыйлык акы катарында – 17 000 сом;

-Соц.фондго чегерүү – 2900 сом;

-Ар кандай чыгымдарга – 10 952 сом;

-Маданият бөлүмүнүн ар кандай чыгымдар статьясына – 35 000 сом;

3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Бакай-Ата райондук каржы жана казына бөлүмдөрүнө сунуш кылынсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Токторалиевага жүктөсүн.

 

Миң-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Койчубаев