МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин XXV чакырылышынын V сессиясы
2015-жылдын 25-марты № 1
Түнкү жарыктардын толугу күйүшү жөнүндө жана жер адисинин ишин кароо жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма үчүнчү сессиясы, түнкү жарыктардын толугу менен күйүшү жана жер адисинин ишин кароо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көчөнүн тазалыгын, чек ара эрежелерин бузган жарандарга чара көрүлбөгөнүнө жана жер боюнча Миң-Булак айыл аймактык кеңешинин токтомдорунун аткарылбаганына байланыштуу жер адиси Н.Шадыбекованы жумуштан чектетүү жагы Миң-Булак айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
2. Түнкү жарыктар толугу менен кайрадан коюлсун жана ал иштер 1-майга чейин бүткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |