Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 2
Айыл ичиндеги саздар жана жайыт жерлер жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма үчүнчү сессиясы, жогорудагы Айыл ичиндеги саздар жана жайыт жерлер жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ичиндеги саздар, жайыт жерлер айыл тургундарына өткөрүлсүн. Саздарды ээлеп алгандарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн жана жайыт комитетине өткөрүлүп 2015-жылдын 1-августуна чейин мөөнөт берилсин.
2. Жайыт жерлерге айыл ичиндеги ийри мүйүздүү малдар жана жылкыларга 100 (жүз) сомдон жылына жайытты колдонгон үчүн төлөсүн, төлөмдү чогултуу жагы жайыт комитетине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |