Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-марты № 3
Айыл элинин малын алыскы жана жакынкы жайкы жайлоодо кайтарганы үчүн малчыларга (чабандарга) чектөө коюу жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма үчүнчү сессиясы, жогорудагы “Айыл элинин малын алыскы жана жакынкы жайкы жайлоодо кайтарганы үчүн малчыларга (чабандарга) чектөө коюу жөнүндө” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл элинин малын кайтарган малчыларга (чабандарга) төмөндөгүдөй чектөөлөр коюлсун:
Кой (эчки) башына – 55 сом;
Торпок башына – 400 сом;
Кулунду жылкы башына – 1000 сом;
Сувай башына – 700 сом.
2. Баш ийбеген малчылар (чабандар) жайытка чыгарылбасын.
3. Жайыт билети жок, жайыт комитетинин уруксаты вет.адистин аныктамасы жок жайытка чыкпасын, эгер төмөндө айтылгандардын бири жок болсо жана чектөөдө коюлган баадан ашып кетсе 5 000 миң сом өлчөмүндө айып салынсын.
4. Айыл ичиндеги кезүүдөгү уйларга жайытты пайдалангандыгы үчүн жылына 100 сом мал башына төлөшсүн.
5. Айыл жарандар малдарын 1-марттан баштап үлүш жерлерге жайылганын токтотсун. Баш ийбеген мал ээлерине: кой башына-10 сом, жылкы жана ири мүйүздүү малга 1000 сом өлчөмүндө айып салынсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |