Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 4
Жазгы, күзгү айдоо иштеринин мезгилинде айыл ичиндеги механизаторлорго чектөө коюу жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма үчүнчү сессиясы, “Жазгы, күзгү айдоо иштеринин мезгилинде айыл ичиндеги механизаторлорго чектөө коюу жөнүндө” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы, күзгү айдоо иштеринин мезгилинде айыл ичиндеги механизаторлорго, 1 га жер үчүн төмөндөгүдөй чектөөлөр коюлсун:
Айдоо – 1000 сом, 25 литр күйүүчү май (солярка).
Планировка, культивация – 400 сом, 10 литр күйүүчү май (солярка).
Жерди малалоо – 300 сом, 5 литр күйүүчү май (солярка).
Төө бурчак себүү – 400 сом, 10 литр күйүүчү май (солярка).
Жыйноо учурунда:
Төө буурчак жыйноо (трактор чапканга) – 50 кг. төө буурчак, 10 литр күйүүчү май (солярка), чөбүнүн ташуу акысы бекер.
Төө буурчак жыйноо (“Нива” комбайны чапканга) – 50 кг. төө буурчак, 20 литр күйүүчү май (солярка), чөбүнүн ташуу акысы бекер.
Огород айдоодо:
20 сотых жерди айдоо – 5 литр күйүүчү май (солярка), акысы - 200 сом. Сотыгы 10 сомдон.
2. Баш ийбеген механизаторлорго чара колдонсун.
3. Ар бир механизаторлор мыйзам чегинде патент алышсын, эгер патентин төлөбөсө мыйзам чегинде чара колдонулсун.
4. Токтомдун көчүрмөсү ар бир механизаторлорго берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |