Редакцияот 21.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айылдык Кеңешинин XXV чакырылышынын V сессиясы

 

2015-жылдын 21-майы № 2

Миң-Булак айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жер салыгынын өлчөмү жөнүндө

Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма төртүнчү сессиясы, түнкү жарыктардын толугу менен күйүшү жана жер адисинин ишин кароо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылга айыл-чарба багытындагы жана жайыт жер салыгы өзгөртүүсүз калтырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук  маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Миң-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Койчубаев