Редакцияот 21.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айылдык Кеңешинин XXV чакырылышынын V сессиясы

 

2015-жылдын 21-майы № 3

Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү, маалыматын угуу жана жайыт жерлерди кароо жөнүндө

Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма төртүнчү сессиясы, жайыт комитетинин бюджетин бекитүү, маалыматын угуу жана жайыт жерлерди кароо  жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Жайыт комитетинин 2015-жылга бюджетти төмөндөгүдөй бекитилсин.

Жайыт комитетинин 1 жылдык бюджети 140100 сом;

Жайыт комитетинин төрагасынын айлык акысы айына 4000 сомдон, бир жылга 48000 сом;

Бухгалтердин айлык акысы айына 1000 сомдон, бир жылга 12000 сом;

Ишканадан камсыздандыруу үчүн төлөм 17,25%-10350 сом;

Башка чыгымдар: командировка, канцелярдык товарларга-555 сом;

Жайыт комитетинин инфраструктурасын жакшыртууга-25000 сом;

Транспорт чыгымдары-15000 сом;

Жайыт салыгы-20000 сом;

Сатуудан түшкөн салык-4200 сом;

Жакынкы жайытка (Эчкилиге) мал башына (кой, эчки) 10 сомдон;

Алыскы жайытка (Күмүштак) мал башына (кой, эчки) 10 сомдон;

Жылкы, эшек ар бир башына 100 сомдон;

Уй, топозго ар бир башына 100 сомдон;

Саздар жана көрктөндүрүүгө берилген жерлердин жайыт акысы гектарына 500 сом бир жылга;

Кум, топурак, таш алуу камазга 100 сом (1 рейси)

ГАЗ-53, тракторлорго 50 сом (1 рейси)

Жайыт билети жок кирген малга айып:

Уй, жылкынын бир башына 100 сомдон ;

Кой-эчкиге бир башына 10 сомдон;

2.Жайыт жолдорун оңдоого катуу көңүл бурулсун.

3. Жайыт комитетинин төрагасы Ш.Турдубаевдин маалыматы эске алынсын жана аткарган иши канааттандыраарлык деп белгиленсин.

4. 2015-жылдын 1-августуна чейин жайыт жерлер такталсын, жайыт жерлерди пайдалангандыгы үчүн, төлөмдөрүн төлөбөсө жана баш ийбесе 5 (беш) миң сом өлчөмүндө айып салынсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук  маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Миң-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Койчубаев