Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июлу № 1
Кичи-Чаарат” жабык акционердик коомунун жана Талас жогорку чыңалуудагы электр
тармактар ишканасынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма алтынчы сессиясы, “Кичи-Чаарат” жабык акционердик коомунун жана Талас жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын кайрылуусун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 25-беренесинин 2-пунктунун негиздеринде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан өтө турган чыңалуусу 110 кв болгон “Семетей-Куру Тегерек” электр аба чубалгысынын 22 таянычтарын орнотуу үчүн 1108,8 м2 бош жаткан жайыт жерлери “Кичи-Чаарат” ЖАКна бекитип берүү үчүн трасформацияга чыгарууга Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2. Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан ушул токтомдун негизинде жогоруда көргөзүлгөн жер участкасын мөөнөтсүз (көргөзүлбөгөн мөөнөттө) пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт берүү жагы суралсын.
3. Миң-Булак айыл өкмөтү менен келишим түзүлсүн.
4. Тиешелүү төлөмдөр төлөнгөндөн кийин Миң-Булак айыл аймагынан чыңалуусу 110 кв болгон электр аба чубалгысынын 22 таянычтарын орнотуу үчүн уруксат берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |